АКШ аскерий башкармалыгынын жетекчиси генерал Жон Абизэйд бүгүн Ашгабат шаарында түркмөн президенти Сапармурад Ниязов менен жолугуп, коопсуздук маселелерин жана кошуна Ооганстандагы абалды талкуулады. Ооганстанга бараткан америкалык учактарга Ниязов Түркмөнстан аймагына конуп, май куюп алууга уруксат берди. Ашгабатка чейин Абизэйд Ташкен, Дүйшөмбү жана Бишкекте болгон.