Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:13

Сенатор Керри АКШ президенттигине талапкер болуп көрсөтүлдү


Америкалык сенатор Жон Керри өзүнүн президенттик шайлоо өнөктүгүн расми түрдө баштады. Бостон шаарында өтүп жаткан Демократиялык партиянын курултайында ал кечээ күнү партиянын атынан президенттикке талапкер болууга макулдугун берди. Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Керри президент Жорж Буштун өкмөт мүчөлөрүн катуу сынга алды: "Мен жогорку башчы болгондо, эч качан өлкөнү туура эмес согушка баштап киргизбейм. Айлана-чөйрөнү булгагандар менен менин вице-президентим эч качан жашыруун жыйын өткөрүп, экологиялык мыйзамдарды кайра жаздырбайт. Менин коргоо министрим аскерий адистердин кеңештерин угат. Андан тышкары, мен дайындаган башкы прокурор АКШнын конституциясын аткарат". Керринин айтымында, эгер ал президент болуп шайланса, эл арасында төмөндөп кеткен Ак үйдүн кадыр-баркын калыбына келтирет.

XS
SM
MD
LG