БИШКЕК. «Акыйкат жана прогресс» партиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого активдүү катышат. Бул тууралуу партия лидери Муратбек Иманалиев бүгүн билдирди. Анын айтымында, партия өзгөчө Бишкек шаардык кеңешине өз талапкерлерин көрсөтөт жана ал максатта партиянын борбордогу бөлүмүнүн конференциясы жакын арада өткөрүлмөкчү. Ал эми күзүндө курултай уюштурулуп, анда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер көрсөтүлөт.