Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Кылмыш жасаган жаш балалуу аялдарга жеңилдиктер берилет


БИШКЕК. Кыргызстандын Кылмыш кодексине жана Кылмышты аткаруу кодексине өзгөртүү, толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам 27-июлдан баштап күчүнө кирди. Президенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, мыйзамга байланышкан жардыкка президент Аскар Акаев ушул аптанын ортосунда кол койгон. Жаңы мыйзамга ылайык боюнда бар жана жаш баласы бар аялдарга жаза аткаруу мөөнөтүн баласы 8 жашка чыкканга чейин кийинкиге жылдырат. Бирок мындай жеңилдиктен оор кылмыш үчүн соттолгон аялдар пайдалана алышпайт.

Мыйзамдарга Жогорку Кеңеш кылмышты жазалоо саясатын жумшартуу максатында өзгөртүү киргизип, президентке кол коюуга сунуштаган болчу. Өзгөртүлгөн бул эки мыйзамда ортодогу бири-бирине төп келбеген жоболор да алынып салынган.

XS
SM
MD
LG