БИШКЕК. 13-августа Кыргызстанга Эл аралык валюта корунун кезектеги миссиясы келет. Миссия өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүн талдоого алат. Бул тууралуу валюта корунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Миссия башчысы Тапио Саавалайнен негизги топтон төрт күнгө кечигип, 17-августа келмекчи. Эл аралык валюта кору менен Кыргызстан түзгөн үч жылдык программа быйыл соңуна чыгат. Анын алкагында Кыргызстан валюта корунан 100 миллион доллардан ашуун насыя алган. Азыркы кезде дагы бир үч жылдык программа түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланууда.