БИШКЕК. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн оперативдүү топтору «Чек-2004» биргелешкен машыгуусунун үчүнчү баскычына катышуу максатында Кыргызстанга келишти. 30-июлда Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын атайын аскерий топтору «Эдельвейс» машыгуу борборунда алгачкы даярдыктан өтүштү. Анда согуш учурунда ок атуу, жашынган жоону табуу жана жок кылуу багытында тактикалык камылгаларга басым жасалды. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын кабарлашынча, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунунун машыгууга камылгалары планга ылайык жүргүзүлүүдө. «Чек-2004» машыгуусу Кыргызстан аймагында 4-августта башталат.