Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Пакистандагы жардыруудан мерт болгондордун саны көбөйдү


Өлкөнүн болочок премьер-министрине жасалган кечээги кол салуудан курман болгондордун саны 8 адамга жетти. Жергиликтүү дарыгерлер менен полициянын билдиргенине караганда, эки адам алган жараатынан улам өткөн түнү каза тапкан. Кечээ башкалаа Исламабаддын түштүк тарабында Пакистандын учурдагы каржы министри, премьер- министрликке көргөзүлгөн Шаукат Азиздин автоунаасынын жанында жанкечти жасаган жардыруудан жеринде алты адам өлүп, 30тан ашууну жаракат алган. Ал эми болочок өкмөт башчы жабыр тарткан жок.

Президент Первез Мушарафтын билдиргенине караганда, бул кол салуу террорчулукка каршы күрөштү токтотпойт. Мушарафтын өзүнө да былтыр декабрда эки ирээт кол салуу жасалган. Бул үчүн ал "ал-Каиданын" согушкерлерин айыптаган эле.

XS
SM
MD
LG