Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Иран өзөктүк программасы боюнча Евробиримдикке берген убадасын карманууга мындан ары милдеткер эмес


Жогорудагыдай билдирүүнү бүгүн өлкөнүн тышкы иштер министри Камаль Харрази жасады. Харразинин айтымында, Евробиримдиктин атынан сүйлөшүү жүргүзгөн Франция, Германия, Британия Тегеранга берген өз убадаларын аткарган жок. Алар МАГАТЭнин Иранды өзөктүк программасы жөнүндө маалыматтарды жашырганы үчүн кескин сынга алган жакындагы резолюциясын колдогон эле. Камал Харрази Иран уранды байытууда колдонуучу жабдуу- центрифугаларды жасоону калыбына келтиргенин ырастады, бирок уранды байытууну токтотуу жөнүндөгү милдеттемесин карманууда.

XS
SM
MD
LG