Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:53

АКШнын Мамлекеттик катчысы Суданды Дарфурдагы кризисти токтотууга кайрадан чакырды


Колин Пауэлл Судан менен катар Африка союзуна кирген өлкөлөргө да кайрылды. Ал бүгүн Кувейттен сүйлөгөн учурунда белгилегендей, БУУ тарабынан берилген бир айлык мөөнөтү Судандын өкмөтү жергиликтүү кара түстүү калкка зордук-зомбулук көргөзүп жаткан араб отряддарын куралсыздандыруу үчүн пайдаланышы керек. БУУнун Коопсуздук кеңеши кечээ эгер Судандын бийликтери 30 күндүн ичинде Дарфурдагы кан төгүүнү токтотпосо, аларга каршы чечкиндүү чара көрүүнү караган резолюция кабыл алган болчу. Судан адегенде резолюцияны "туура эмес" жана "ылайыксыз" деп четке каккан эле. Бирок соңку маалыматтарга караганда, Судан БУУнун резолюциясын кабыл алды. Акыркы 17 айдын ичинде Дарфурда 30 миңдей адам өлүп, бир миллиондой киши үй -жайын таштап кетүүгө арагасыз болгон.

XS
SM
MD
LG