Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Тез аракеттенүүчү күчтөр машыгып жатышат


БИШКЕК. Бүгүн Балыкчыда Жамааттык коопсуздуктун Борбор Азия аймагындагы тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөрүнүн башкаруу органдарынын жана бөлүмдөрүнүн командалык-штабдык машыгуулары башталды. Бул иш чара Жамааттык Коопсуздук күчтөрү уюмунун алкагында 4-августта баштала турган аскерий машыгуулардын чегинде өтүп жатат. Жамааттык коопсуздук күчтөрүнүн биргелешкен аскерий машыгуусуна Шанхай кызматташтык уюмунун аткаруу органынан, Кытайдын коргоо министрлигинен өкүлдөр, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин жана КМШ мамлекеттеринин коргоо министрлери катышаары болжолдонуп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG