Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Масалиевдин сөөгүн жерге берүү боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү


БИШКЕК. Белгилүү коомдук жана саясий ишмер, маркум Абсамат Масалиевди акыркы сапарга узатуу расмисин уюштуруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны биргелешип 9 кишиден турган комиссия түздү. Комиссияны Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жетектей турган болду. Комиссиянын бүгүнкү алгачкы отуруму маркумдун сөөгүн 3-августта Бишкектеги «Аларча» мемориалдык көрүстөнүнө коюу чечимине келди. Абсамат Масалиев менен коштошуу митинги 10-августта эртең мененки саат 10дон 11ге чейин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын имаратында өтөт. Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаевдин билдиргенине караганда, маркумду акыркы сапарга узатуу расмисине президент Аскар Акаевдин катышуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG