Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Абсамат Масалиев дүйнөдөн кайтты


БИШКЕК. 31-июль күнү кечинде белгилүү коомдук-саясий ишмер, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1995-жылдан берки депутаты, Кыргызстан коммунисттер партиясынын жол башчысы Абсамат Масалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Абсамат Масалиев 1933-жылдын 10-апрелинде Ош облусунун Фрунзе районундагы Алыш айылында туулган. Кызылкыядагы тоо техникумун, Москвадагы тоо-кен институтун, Алматыдагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. 1964-жылдан баштап советтик-партиялык кызматка өткөн. 1985-1991-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.

 

XS
SM
MD
LG