Улуттар Уюмунун бүгүнкү маалыматына караганда, тизмеге 8,7 миллион адам киргизилген. Ал эми шайлоочулардын жалпы саны 9,8 миллион адамды түзөт. Ооганстандагы президенттик шайлоо 9- октябрга белгиленген. Өлкөнүн азыркы президенти Хамид Карзай күздөгү шайлоодо ага аттандаш болуп жаткан 22 талапкердин ичинен жеңишке жетишээри күтүлүүдө. Шайлоого даярдыктын жүрүшүндө "ал-Каида" менен Талибандын согушкерлери тарабынан шайлоо комиссияларынын кеминде 9 кызматкери өлтүрүлдү.