Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Иракта полиция бекетине жасалган кол салуудан беш адам өлүп, элүүдөн ашууну жаракат алды


Жанкечти айдаган автоунаа түндүктөгү Мосул шаарынын полиция бекеттеринин биринин сыртында жарылды. Каза тапкандардын төртөөсү полиция кызматкерлери. Ал эми башкалаа Багдаддан 100 чакырымдай алыстыктагы Самарра деген шаарда жол боюна көмүлгөн бомба жарылуусунан америкалык бир аскер каза таап, экөөсү жаракат алган. Багдаддын өзүндө да күзөттө жүргөн америкалык аскерлерге каршы багытталган бомбанын жарылуусунан үч жергиликтүү тургун мерт болду. Фаллужа шарында америкалык аскерлер менен козголоңчулардын ортосундагы өткөн түнкү урушта, жергиликтүү дарыгерлердин маалыматына караганда, 10 ирактык өлүп, 35си жаракат алган.

XS
SM
MD
LG