Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөр макулдашууга жетишти


Жекшембиде эртең менен жетишилген жалпы макулдашуу дүйнөлүк сооданы либералдаштыруу максатын көздөйт. Аталган маселе боюнча 2001-жылы Доха шаарында башталган сүйлөшүү мындан бир жылча мурун туңгуюкка кептелген эле. Дүйнөлүк соода уюмунун баш директору Супачай Панитчпакди эми тараптардын мунаса табышын тарыхый окуяга катары мүнөздөдү:

- Менимче биз бүгүн тарыхый учурду баштан кечирип жатабыз. Бул - чынында тарыхый учур. Анткени биздин уюмдун мүчөлөрү биргелешкен аракеттер менен кандай тоскоолдук болбосун жеңүүгө мүмкүн экенин кайрадан далилдеди.

Жетишилген макулдашуу өнүккөн өлкөлөрдө фермерлерге аларды эл аралык базардагы атаандаштыкта колдоо үчүн берилүүчү экспорттук жана ички субсидияларды жоюуну карайт. Мындай кадам өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн өз товарларын сатуучу базардын көбөйүшүнө мүмкүндүк бермекчи. Макулдашуунун деталдары жана анын аткарылыш мөөнөтү али алдыдагы сүйлөшүүлөрдө талкууланат. Өнүккөн өлкөлөр алар айыл-чарбасына берилүүчү субсидияны кыскартуусунун ордуна, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өнөр -жай товарлары базарына кирүүгө кеңири жол ачылышы керек деп эсептейт. Дүйнөлүк соода уюмунун азиялык мүчөлөрү, атап айтканда Жапония жана Кытай макулдашууну этияттануу менен кубаттады.

XS
SM
MD
LG