Бул тууралуу чечен администрациясынын өкүлү билдирди. Атын атабоону суранган маалымат булагы алты аскер кечээ көзөмөл бекетине кол салууда ажал тапканын бышыктады. Дагы бир аскер Грозныйда машинасы минадан жарылганда, Федералдык Коопсуздук кызматынын үч офицери машинасы аткыланганда, ал эми чечен полициясынын үч кызматкери кайгуулда жүргөндө окко учту. Чеченстанда президенттик шайлоо ушул айдын аягында өтөт. Кечээ ошондой эле чечен сепаратисттеринин жетекчиси Аслан Масхадов президент болуп шайланган кишини өлтүрөөрүн жарыялады.
Шайлоо мурдагы президент Ахмад Кадыров май айында чечен сепаратисттери колдуу болуп курман болгондон кийин өткөрүлүүдө.
Шайлоо мурдагы президент Ахмад Кадыров май айында чечен сепаратисттери колдуу болуп курман болгондон кийин өткөрүлүүдө.