Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Өкмөттүк газеталарга мажбурлап жаздыруу боюнча коомдук иликтөөнүн жыйынтыктары талкууланды


ТАЛАС. Мындан бир ай мурда Таластагы демократияга колдоо көрсөтүүчү маалымат борборунда чогулушкан бюджеттик мекемелердин кызматкерлери, негизинен мугалимдер менен медицина кызматкерлери өкмөттүк газеталарга жаздыруу боюнча эл арасында сурамжылоо жүргүзүү үчүн демилге топторун түзүшүп, алар Талас шаары, Бакайата, Талас райондоруна жөнөп кетишкен.

Бүгүнкү талкууда ошол сурамжылоонун жыйынтыктары жөнүндө сөз болду. Өкмөт башчысы Николай Танаевдин быйылкы жылдын май айында жазган катына таянган облустук, райондук мекеме жетекчилери бюджеттик кызматкерлердин каалоо-талаптарын сурабай туруп эле өкмөттүк газеталар үчүн деп алардын маяналарын кармап калаары кадимки көрүнүшкө айлангандыгын айтышты. Нааразы болгондорду иштен кетиребиз деп коркутушат.

Талкууга чакырылган юристтер андай жетекчилерге мыйзам чегинде тартипке чакыруу жолу бар экендигин билдиришти. Демилге топторунун маалыматы боюнча биринчи жарым жылдыкта "Кыргыз туусуна" 1198, "Эркин тоого" 837, облустук газетага 3001 кызматкердин айлыгынан кармап калышкан жана бул республика боюнча алдыңкы көрсөткүч дешти.

XS
SM
MD
LG