БИШКЕК. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 4-6-августа Кыргызстанда боло турган аскерий машыгуусуна президент Аскар Акаев, Россиянын, Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Беларустун коргоо министрлери байкоо салат. Бул тууралуу коргоо министрлигинин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, Россиянын коргоо министри Сергей Иванов 4-августа Кыргызстанга келет. Машыгууну жергиликтүү 50, россиялык 35, казакстандык 11 жана тажикстандык 2 журналист чагылдырат.