БИШКЕК. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, окуя бүгүн түнкү саат үчкө жакын Бишкек шаарынын борборундагы Эркиндик гүлбагы менен Бөкөмбаев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Бул жерде токтоп турган В51-47Р мамлекеттик номерлүү «Мицубиси-Паджеро» үлгүсүндөгү жип автоунаасына Калашниковдон атылган октон Динара Мамашева менен анын орун басары Вадим Студенкин жабыркаган. Мамашева башына тийген октон кийинчерээк ооруканада көз жумган.
Автоунааны кароо учурунда Калашников үлгүсүндөгү автоматка таандык октун чачырандысы жана эки гильза табылган. Бул кылмыш боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ички иштер кызматтары иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Динара Мамашеваны атып өлтүрүүнүн себептери тууралуу билдирүү айтыла элек. «Дасмия» туристтик фирмасынын директору Динара Мамашева белгилүү ишкер Турусбек Мамашевдин жубайы болчу.