Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:21

Куловдун өздүк ишиндеги документтер жоголду


БИШКЕК. 31-июлда Юстиция министрлигинин алдындагы жаза өтөө мекемелер башкармалыгы «Арнамыс» партиясынын абактагы лидери Феликс Куловдун өздүк иши тиркелген документти Куловдун өзүнө тапшырган. Бирок анда Куловдун 2002-жылы май айында Биринчи май райондук соту 10 жылга кескенге чейинки документтер жок болуп чыккан. Башкача айтканда, Куловдун 2000-жылдын башынан тартып Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо жайында отурган мөөнөттөрүн тастыктаган кагаздар өздүк иш тиркелген документтер топтомунан жулунуп салынган.

«Мына ошол документтердин жоктугуна байланыштуу сиз боштондукка 2005-жылы 12-ноябрда шарттуу түрдө чыгасыз», деп жазылган Куловго 31-июлда тапшырылган Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын катында.

Бул тууралуу «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев бүгүн билдирди. Анын айтымында, Юстиция министрлиги мыйзамды одоно түрдө бузуу менен Куловдун өздүк иши тиркелген документтерди 31-июлга чейин министрликтин өзүндө кармап турган. "«Арнамыс» партиясы мындай мыйзамсыздыкка кескин каршылыгын билдирет жана ага байланыштуу нааразылык акцияларына чыгууга аргасыз болот", деп белгиледи Эмил Алиев.

XS
SM
MD
LG