Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:23

Палестин - Израиль чатагы кайра ырбады


Палестина автономиясына караштуу Газа тилкесинде палестин согушчандары менен израилдик күчтөрдүн жаңы салгылашуусу болду. “Ислам жихады” жана “ал-Аксанын азапкөйлөрү бригадасы” чогуу жасаган бүгүнкү билдирүүдө Израиль армиясы менен өткөн түнү болгон кагылышууда үч палестиналык окко учту деп айтылат. Кабарчылардын маалымдашынча, бул үчөө Газанын түндүгүндөгү жөөт конушуна каршы чабуул учурунда өлгөн.

Израилдик жоокерлер менен согушчандар ортосунда бүгүн болгон аткылашууда палестиналык бир аял өлдү. Алты киши жарадар болду. Бул жөнүндө Израиль радиосу кабарлады.

Палестинанын коопсуздук кызматы Газа шаарындагы борбордук түрмөгө түн ичинде кимдир бирөө граната ыргытканын билдирди. Израиль бийликтери менен кызматташты деп шектелген адамдар жаткан камераны көздөй ыргытылган бомбадан бери дегенде алты арестант жарадар болду.

XS
SM
MD
LG