Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:07

Динаятчылар Иракта чиркөөлөрдүн бомбаланышын айыпташты


Рим Католик чиркөөсүнүн башчысы Иоан Павел жана Ирактын шийит мусулмандарынын башчысы Али ал-Хуссейн Багдадда жана Мосулда орун алган жардырууларды айыпташты. Ирактын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча орун басары Бахрам Салех "террористтер Ирактын улуттук биримдигине залака келтире албайт" деди:

- Бул кылмышкерлер чет элдик болобу, мурдагы режимдин кишилери болобу, Ирак коомун бөлүп-жарып, терроризм күчөп турганда, биздин улуттук биримдигибизди майыштыра алышпайт. Бул террористтер көздөгөн максатына жете албайт.

Жекшембиде беш чиркөө бомбаланып, 10 киши курман болгон эле. Ирак өкмөтү ал үчүн иордандык экстремист Абу Мусаб ал-Заркавини күнөөлөөдө. Бирок өзүн "Ирактын Пландоо жана жыйынтык чыгаруу тобу" деп атаган, мурдатан анчейин белгилүү болбогон уюшма жоопкерчиликти өзүнө алды.

Кечээ Түркиянын Эл аралык Жүк ташуу биримдиги коопсуздуктун начарлашына шилтеме берип, Ирактагы америкалык аскерлерге жүк жеткирүүнү токтотуп жаткандыгын жарыялады.

Кечээ ошондой эле Ирактын Нажаф шаарында америкалык жана ирактык аскерлер радикал шийит динаятчысы Моктада ас-Садырдын күчтөрү менен кагылышты. Күбөлөрдүн айтымында, атышуу аскерлер ас-Садырдын үйүнө жакындап келгенде башталды.

XS
SM
MD
LG