Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Баткен облусунун бийлиги Согду облусунун жетекчилигине кайрылды


БАТКЕН. Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн 3-августтагы маалыматына караганда, бул катта 1-август күнү эртең менен жааган катуу нөшөрдөн улам Лейлек районунун аймагында жүргөн сел Ош-Исфана жолунун 299-чакырымындагы көпүрөнү алып, жолдун айрым бөлүктөрүн жууп кеткени, натыйжада аталган районду облус борбору менен байланыштырган жолдо кыймыл токтоп калгандыгы маалымдалган. Ушундан улам облус бийлиги кошуналаш Согди облусунун жетекчилигинен жол оңдоо иштери бүткөнчө Сүлүктү шаары менен Лейлек районунун калкы облус борборуна Тажикстан аркылуу каттап туруусун өтүнгөн.

Ошондой эле Исфана-Канибадам-Исфара-Баткен багыт аркылуу каттаган кыргыз атуулдары чек ара жана бажы бекеттеринен тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу жагы суралып, кошуналаш эки облустун кызматташтыгы, кыргыз-тажик элдеринин достук мамилелери мындан ары да чыңала берерине ишеним артылган.

XS
SM
MD
LG