БИШКЕК. АКИпресс маалымат агенттигинин бүгүнкү кабарлоосуна караганда, транспорт жана коммуникация министрлиги «Интернетти өнүктүрүү жана пайдалануу боюнча мамлекеттик саясат» аттуу мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууда. 6 глава жана 21 беренеден турган мыйзамда интернетти пайдаланунун жол–жоболору, ага байланыштуу мамлекеттик саясаттын негизи, интернет аркылуу келишим түзүү, маалымат таратуунун принциптери киргизилген. Мыйзам долбоорун талкууга кызыкан тараптар чакырылган.