ЖАЛАЛАБАД. Кыргызстан коммунисттик партиясынын төрагасын эскерүү митинги Жалалабаддагы Лениндин эстелигинин жанында өттү. Ага катышкандар жаштарды адал кызмат кылган Масалиевдей адамдын өмүр жолу менен тарбиялоо зарылдыгын белгилешти. Саясий-экономикалык реформа, президенттик, парламенттик шайлоо, демократия, чек ара маселесине карата айткан анын ой-пикирлерин бийлик эске албагынына капа болушту. Президент менен Жогорку Кеңешке ага тирүүсүндө берилбеген баатыр наамын ыйгаруу, Баткен облусунун жана Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирине Масалиевдин атын берүүнү сунушталган кайрылуу кабыл алынды.