Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:14

Абсамат Масалиевдин сөөгү жерге берилди


БИШКЕК. Бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев менен коштошуу болду. Жүздөгөн адамдар катышкан аза жыйынында президент Аскар Акаев баш болгон мамлекеттик жетекчилер эскерүү сөз сүйлөп, маркумдун үй-бүлө, жакындарына кайрат айтышты. Андан кийин Абсамат Масалиевдин сөөгү Аларча көрүстөнүнө, кыргыздын дагы бир улуу инсаны Исхак Раззаковдун мүрзөсүнүн жанына коюлду.

Аларча көрүстөнүндө Абсамат Масалиевди акыркы сапарга узатуу расмисине президент Аскар Акаев, өкмөт башчы Николай Танаев, Жогорку Кеңештин төрагалары Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, депутаттар, жүздөгөн адамдар катышып, өлкөнүн муфтий Мураталы ажы Жуманов куран окуду.

XS
SM
MD
LG