Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

Түркмөнстанда депутаттар шектүү кылмышкерлерди күрөөгө бошотууну сунуш этишүүдө


Түркмөн гезиттеринде кечээ жарык көргөн жаңы кылмыш кодексинде шектүү кылмышкерлер 2 миң 400 доллар төлөп, сотко чейин боштондукка чыга алаары айтылат. Эгер соттолгон адам күнөөсүз деп табылса, күрөө ээсине кайтарылат. Түркмөнстандын 1961-жылдан бери колдонууда болуп келаткан учурдагы кылмыш кодекси боюнча, шектүү кылмышкерлер же түрмөдө калып, же өлкөдөн чыкпоо жөнүндөгү тил кат менен бошотулчу.

Бир топ өзгөртүүлөр киргизилген кодекс парламентте каралганга чейин 30 күн талкууланат.

XS
SM
MD
LG