Прагадагы Качкындарга жардам көрсөтүү уюмунун кызматкери Мириам Йевикова мындан эки ай мурда Пятигорскиден Ингушетияга баратканда дайынсыз жоголгон эле. Барымтачылар аталган уюмдун жетекчилигине төрт ирет телефон чалышкан. Словакиянын тышкы иштер министрлиги кечээ алардын бир миллион доллар талап кылып жаткандыгын бышыктады.