Бакуба калаасында Улуттук гвардиянын күзөт жайында машинедеги бомба жарылып, үч жоокер курман болуп, дагы төртөө жараат алышты. Анын алдында америкалык бир жоокер ал-Анбар чөлкөмүндөгү кагылышууда жараат алып, жан берген. Дагы эки аскер жана ирактык полковник Багдадда жолго коюлган бомбага жарылып, мерт болушту. Кербалада радикал шийилердин лидери Моктада ас-Садрдын тарапкерлери көчөгө чыгып, коалициялык күчтөр камакка алган жергиликтүү динаятчыны бошотууну талап кылышты. Иорданиянын тышкы иштер министрлиги Иракта бул өлкөнүн сегизинчи жараны уурдалып кеткенин билдирди.