БИШКЕК. Президенттин буйругу менен милициянын полковниги, маркум Чыныбек Алиев «Эрдик» медалы менен сыйланды. Буйрукта кызматтык милдетин аткарууда жеке эрдик көрсөткөндүгү үчүн «Эрдик» медалы менен сыйлансын деп жазылган. Ички иштер министрлигинин полковниги Чыныбек Алиев 5-май -Конституция күнү атып өлтүрүлгөн эле.