Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

2005-жылга бюджет долбоору иштеле баштады


БИШКЕК. Каржы министрлиги 2005-жылдагы бюджет долбоорун иштеп чыгууну баштады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, келерки жылкы бюджеттин чыгаша бөлүгү негизинен социалдык төлөмдөргө жана тышкы карызды тейлөөгө жумшалмакчы. Бюджеттеги социалдык төлөмдөр боюнча макулдашууну каржы министрлиги айыл, суу чарба, эмгек жана социалдык коргоо, саламаттык сактоо жана билим берүү министрликтеринин өкүлдөрү менен жүргүздү. Келерки жылдын бюджет долбоорунун өзгөчүлүгү - анда инвестициялык чыгашалар бирдиктүү көрсөтүлүп, ал эми айлык акыны төлөө бекем көзөмөлгө алынмакчы.

XS
SM
MD
LG