БИШКЕК. Каржы министрлигинин алдындагы экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд кайра түзүлмөй болду. Министрликтин коллегиясынын чечимине ылайык фондду реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу комиссия түзүлдү. Анын курамына министрликтин жана фонддун инвестициялык саясат, экономикалык жана структуралык саясат, киреше жана юридика бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү киришти. Министрлик реформаны Эл аралык валюта кору менен Дүйнөлүк банктын долбоорлорун эске алуу менен жүргүзүүдө. Башкача айтканда, фонд эми Жапон өкмөтүнүн гранттар боюнча фонду бөлгөн каражаттарын башкаруу боюнча микрокредиттик агенттик катары кайра түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн министрликтин маалымат кызматы кабарлады.