Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:03

Жаңы акциз маркалары киргизилет

БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаев «Кыргызстан аймагында сатылган йоддолгон туз жана ликер-арак ичимдиктерине корголгон голографикалык маркаларды колдонуунун жоболорун бекитүү» тууралуу токтомго кол койду. Бул токтом арак-шарап ичимдиктерин жана йоддолгон тузду мыйзамсыз сатууга, аткезчилик менен жүгүртүлгөн товарлардын агымын тыюуга багытталган. Өкмөт токтому менен жаңы акциз маркаларын киргизүүнүн жол-жоболорун да аныктаган. Бул тууралуу өкмөттүк маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.
XS
SM
MD
LG