Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

ЕврАзЭс өкүлдөрү кезектеги отурумга чогулат


БИШКЕК. Эртең Алматы шаарында Евразия экономикалык жамаатынын туруктуу комиссиясынын 23-отуруму башталат. «Интерфакс-Казакстан» агенттиги тараткан маалыматка караганда, отурумда мүчө-мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнүн макроэкономикалык негизги көрсөткүчтөрү талкууналат.

Ошондой эле отурум уюмдун ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар макулдашуулардын, уюмдун атайын эсебин пайдалануунун тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун, 2005-жыл үчүн бюджеттин долбоорлорун карашат. Эксперттер тышкы чегараларда пикир келишпеген жагдай түзүлгөн учурда өз ара аракеттенүү тууралуу макулдашуунун долбоорун талкуулашат. Евразия экономикалык жамаатынын туруктуу комиссиясынын маалымат кызматынын кабарлашынча, ЕврАзЭСтин кезектеги отурумуна Кыргызстандын, Беларустун, Россиянын, Казакстандын жана Тажикстандын уюмдагы өкүлдөрү катышат.

XS
SM
MD
LG