БИШКЕК. Кыргызстанда башталган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун «Чек-2004» аскерий машыгуусуна байкоо салуу максатында Россиянын коргоо министри Сергей Ивановдун Кыргызстанга келээри күтүлүүдө. Андан сырткары Казакстан, Тажикстан жана Беларус коргоо министрлеринин келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо министрлигинен кабарлашты.
Президент Аскар Акаев министрлерди 5-августа кабыл алаары күтүлүүдө. Ал эми 6-августта алар чогуусу менен «Чек-2004» машыгуусунун акыркы этабына байкоо салмакчы.
Президент Аскар Акаев министрлерди 5-августа кабыл алаары күтүлүүдө. Ал эми 6-августта алар чогуусу менен «Чек-2004» машыгуусунун акыркы этабына байкоо салмакчы.