БИШКЕК. Бүгүн «Фридом хауз» уюмунда коомду демократиялаштыруу, адам укуктарын сактоо маселелери боюнча талкуу болду. Ага бийлик жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. Негизги сөз «Фридом хауз» уюму тарабынан сунушталган -убактылуу кармоо жайларында адам укуктарын сактоону жакшыртуу, митинг өткөрүүгө уруксат алуу тартибин алып салуу жана шайлоонун мыйзам чегинде, акыйкат болушун камсыздоо жөнүндө болду. Өкмөттүк эмес уюмдар бул маселелерди чечүү боюнча сунуштардын тизмегин иштеп чыккан. Ал сунуштарды турмушка ашыруу үчүн өкмөттүк структуралар жана бейөкмөт уюмдар биргелешип иштөөнү улантуу керек, деген бүтүмгө келишти.