Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Абхазия боюнча Саакашвилинин жарыясына Маскөө катуу жооп берди


АКШга кетээр алдында Грузия президенти Михаил Саакашвили кечээ күнү атайын жарыя жасап, Абхазиянын деңиз жээгине кандай болбосун кеме жакындаса, Грузия аскерлери ага каршы ок атат деп билдирди:

- Абхазия маселесине келсек, мен атайын буйрук бердим жана аны азыр тастыктайм - биздин суу аймагыбызга кандай болбосун кеме кирсе, биз ага каршы дароо ок атабыз. Орус туристтерибиз дегендерди мен эскертем: грузия каны төгүлүп жаткан жерге келип эс албагыла, силер биздин жаратыбыз менен ойнобогула.

Орус тышкы иштер министрлиги жооп катары бүгүн атайын жарыя жасап, орустардын өмүрүнө Абхазияда коркунуч болсо, Маскөө ага тийиштүү жооп берет деп билдирди.

XS
SM
MD
LG