Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Грузия президенти АКШга иш сапар баштады


Грузия президенти Михаил Саакашвили бүгүн расми сапар менен АКШга учуп чыкты. Парламент спикери Нино Буржанадзенин айтымында, Саакашвили америкалык жетекчилер менен Түштүк Осетия жумуриятынын айланасындагы маселени талкуулайт. Грузия президенти мамлекеттик катчы Колин Пауэлл, коргоо министри Доналд Рамсфелд, коопсуздук маселелер боюнча АКШ президентинин кеңешчиси Кондолиза Райс менен жолугууга тийиш. Түштүк Осетиянын айынан акыркы мезгилде Тбилиси менен Маскөө ортосунда да чыңалуулар пайда болду.

XS
SM
MD
LG