30-июлда Ташкен шаарында үч террордук жардыруу болгондон кийин, 3-августта АКШ өкмөтү өзүнүн Өзбекстандагы жарандарына атайын эскертүү жасап, аларды сак болууга чакырды. Мамлекеттик катчылык жасаган эскертүүдө - дагы жаңы террордук аракеттер ишке ашырылаары тууралуу ишенимдүү маалымат жок болгону менен, кеңири коопсуздук чаралары көрүлүүгө тийиш деп айтылат. Жума күнкү окуяларда Ташкенде өздөрүн өзү жардырган үч жанкечтиден тышкары дагы төрт адам курман болгон.