Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Польша министринин сөздөрүн Маскөө сынга алууда


Орусиянын тышкы иштер министрлиги бүгүн атайын билдирүү жасап, Польшанын тышкы иштер министри Влодзимеж Цимошевич 2-августта айткан сөздөрдү сынга алды. Варшава көтөрүлүшүнүн 60 жылдыгын белгилөө учурунда ал көтөрүлүшкө жардам бербей койгон деп министр советтик Кызыл армияны күнөөлөгөн. Козголоң 1944-жылдын 1-августунда башталган, бирок 2-августка белгиленген чабуулун советтик аскерлер токтоткондуктан, фашисттер аны канга жууруп, октябрга чейин Варшаванын 200 миңге жакын тургунун кырган. Маскөөнүн айтымында, Польшаны фашизмден СССР куткарган жана ал үчүн 600 миң солветтик жаран өмүрүнөн кыйылган.

XS
SM
MD
LG