Пакистандын ички иштер министрлигинин кечээ күнү жарыялаган маалыматы боюнча, акыркы күндөрдө өлкөдө "ал-Каида" террордук уюмунун дагы бир согушкери кармалды. Пакистандын маалымат министри Шейх Рашид Ахмеддин айтымында, өлкө аймагында аракеттенген бардык террорчулар акыр-аягында жок кылынат:
- Биз террордук тармак уюмдун ичине кирдик жана ийгиликке жетебиз. Алар, албетте, жооп берет, кандайдыр бир чара көрүүгө аракеттенет, бирок акыр-аягында биз аларды жеңебиз.
Акыркы күндөрдө Пакистанда кармалган террорчулардан алынган маалыматка таянып, АКШ өкмөтү Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларында жайгашкан финансылык мекемелерде жекшемби күндөн бнри жогорку коопсуздук чараларын көрүүдө.