Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:30

Америка согушчандардын эбине көнбөгөнгө чакырууда


АКШнын мамлекеттик департаменти билдирүү таратты. Анда Ирактагы барымтачылардын эбине эч бир мамлекет көнбөйт деп жазылган. Америка бийлигинин пикиринде мындай турумду Ирактагы эл аралык коалицияга кирген 31 өлкө карманат. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер коалицияга кирген ар бир мамлекет жакынкы күндөрү ушундай билдирүү жасарын кабарлады. Өткөн айда филиппин бийлиги барымтачылар койгон ультиматумду кабыл алып, Ирактан аскерлерин шашылыш алып чыгып кеткен. АКШ бийлиги Филиппиндин бул кадамын сынга алган болчу.

XS
SM
MD
LG