Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Багдадда барымтадагы алты чет элдик бошотулду


Бүгүн Иракта барымтада жаткан алты чет элдик бошотулду. Бир апта мурда туткундалган иорданиялык төрт айдоочу бүгүн Фаллужа шаарындагы сүйлөшүүдөн кийин эркиндикке чыгарылды. Ошондой эле Түркия бийлиги билдиргенге караганда, жоочулардын колунда барымтада жаткан эки түрк да бошотулду. “Ал- Жазира” сыналгы каналы билдиргенге караганда, түркиялык ишкана Ирактан чыгып кетүү убадасын бергенден кийин барымтачылар бошотуу чечимин кабыл алышкан. Ал эми Ирактын Мосул шаарында коменданттык саат киргизилди. Кечээ бул жерде көтөрүлүшчүлөр полициянын кеңсесине кол салган. Атышууда 12 адам набыт болуп, 50гө чукул адам жарадар болду.

XS
SM
MD
LG