Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:51

6-августка аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 6-августта түнкүсүн Кыргызстандын айрым жерлеринде, күндүз көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29 градус.
ТАЛАС аймагында түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25 градустун айланасында жылуу болот.
Ал эми БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД дубандарында абанын түнкү температурасы +16…+21 градус жылуу, күндүз +25…+30 градуска ысык болушу күтүлөт.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25 градус.
Тоолуу НАРЫНДА түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24 градус жылуу.
БИШКЕКТЕ күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +26…+28 градус.

Кыргызстан жаңылыктар менен Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG