БИШКЕК. Ички иштер министрлигиндеги күзөт башкармалыгынын ордуна, адистешкен күзөт кызматынын мамлекеттик департаменти түзүлгөндүгүн аталган министрликтин басма сөз кызматынын бүгүн билдиришти. Департамент өлкө аймагындагы мамлекеттик маанилүү ишкана, мекемелерди жана менчик ишкана, турак-жайларды келишимдин негизинде күзөтүп, өзүн-өзү каржылайт. Ошондой эле адистешкен күзөт кызматынын кызматкерлери жеке адамга жан сакчы жана баалуу кагаздарды, мамлекеттик жана жеке менчик жүктөрдү жеткирүүдө келишимге ылайык сакчылык милдетин аткарышат.