Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

АКШ элчиси Ысыккөлдө кыдырып жүрөт


БИШКЕК. Учурда иш сапары менен Кыргызстанда жүргөн АКШнын БУУнун азык түлүк жана айыл чарба агенттигиндеги элчиси Тони Холлду бүгүн Чолпоната шаарында Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев кабыл алды. Ушундай эле эки тараптуу жолугушуу ушул күндөрү «Мээрим» Эл аралык кайрымдуулук фондунун төрайымы, Кыргызстандын биринчи айымы Майрам Акаева менен да болору болжолдонууда. Тони Холл шаршемби күнү Ысыккөл облусуна жөнөр алдында Юстиция министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуп, Ысыката районундагы жаза өтөөчү мекеменин жагдайы менен таанышкан. Ал эми жума күнү элчи сапарын Ысыккөлдүн тескей аймагын көздөй улап, Барскоон айылына барып, бул аймакта америкалык «Хабибат» фондунун өкүлчүлүгүндө болот. Бул маалымат Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын эл аралык иштер боюнча комитетинен алынды.

XS
SM
MD
LG