БИШКЕК. Жогорку окуу жайларына каралган бюджеттик негиздеги 5255 орунга дагы 450 орун кошулду. Жалпысынан 5705 студент бюджеттик негизде Жогорку окуу жайларында окуй алат.Бул тууралуу кыргыз өкмөтү чыгарган токтомунда айтылат. Маалыматка караганда, “Мамлекеттик гранттарын ыйгаруу жана жогорку окуу жайларына конкурстук киргизүү жол жоболорун өркүндөтүү жөнүндө” президенттин жарлыгын ишке ашыруу тууралуу өкмөттүн үстүбүздөгү жылдын 13-майдагы токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Токтомго ылайык гранттардын саны көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу келээрки жылы республикалык бюджеттен каражат бөлүүсүн өкмөт каржы министрлигине милдеттендирген.