Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Депутат Дүйшөн Чотоновдун Конституциялык сотко кайрылуусуна “Атамекен” партиясынын тиешеси жоктугу айтылууда


БИШКЕК. “Конституциялык сотко депутат Дүйшөн Чотоновдун президент Аскар Акаев эмдиги жылы боло турган президенттик шайлоого катышаар же катышпасын аныктап берүү тууралуу арыз менен кайрылуусуна “Атамекен” партиясынын эч кандай тиешеси жок“, - деп билдирди партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев:

-Мыйзам боюнча, партиянын уставы боюнча дагы, дүйнөлүк практика боюнча дагы, партиянын тизмеси менен депутат болгон адам, партиянын жалпы саясатын колдогону менен өзүнүн добуш берүүсүндө, өзүнүн иш аракетинде ал автономдуу болуп, каалагандай иш жасай алат. Ошондуктан Конституциялык сотко Дүйшөн Чотоновдун кайрылуусу депутат катарында анын эрки жана анын өзүнүн демилгеси.

Ал Дүйшөн Чотоновдун партиялашы катарында анын кайрылуусуна байланыштуу саясий жоопкерчиликти мойнуна алаарын билдирди. Анын айтымында, депутат Чотоновдун Конституциялык сотко кайрылуусу коомдо өнүгүп жаткан саясий процесстерди алдын ала аныктап, кээ бир процесстерди токтотот эле. Бирок Конституциялык сот Дүйшөн Чотоновдун арызына 9 айдан бери жооп бере элек, деди депутат Өмүрбек Текебаев.

Өткөн аптада Кыргызстан укук коргоо кыймылынын аткаруу комитети менен «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы коомчулукка атайын кайрылуу жолдогон. Анда Жогорку Кеңештин депутаты, «Атамекен» саясий партиясынын мүчөсү Дүйшөн Чотонов Конституциялык сотко жолдогон арызын кайтарып алуу өтүнүчү менен кайрылган. Ошондой эле бул иштин “бүткүл саясий жоопкерчилиги “Атамекен” партиясына, өзгөчө анын төрагасы Өмүрбек Текебаевга жүктөлө”,- деп көрсөткөн укук коргоочулар.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов Конституциялык сотко жолдогон катын албай тургандыгын ырастап “бул менин жеке ишим, буга “Атамекен” партиясынын эч кандай тиешеси жок. Жазган катым үчүн өзүм жооп берем” деп билдирген “Азаттыкка".

XS
SM
MD
LG