БИШКЕК. 21-сентябрда Кыргызстанга Кытай эл республикасынын премьер-министри Вэн Цзябао эки күндүк расмий сапар менен келери болжолдонуп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Николай Танаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Чжан Яньнянмендин бүгүнкү жолугушуусунда маалымдалды. Жолугушууда белгиленгенге караганда Кытай өкмөт башчысынын иш сапарынын учурунда эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан сегиз маселе талкууланат. Алардын катарында 2004-2014-жылдардагы кызматташтыктын багыттарын камтыган узак мөөнөттүү программасы, коргоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтык тууралуу, 50 миллион юань грант бөлүү тууралуу, банк тармагындагы кызматташтык тууралуу макулдашуулар, тышкы соода, бажы статистикасы боюнча усулдук жана маалымат кызматташтыгы жөнүндө протокол бар.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2003-жылы 55,7% түзүп, 300 миллион долларга жеткен. Ал эми 2004-жылдын алгачкы үч айында өткөн жылдын алгачкы үч айына салыштырмалуу 208%ке өскөн.