Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Бүгүн Чолпонатада президент Аскар Акаев төрт мамлекеттин коргоо министрлери менен жолугушту


БИШКЕК. Бүгүн Чолпонатада мамлекет башчысы Аскар Акаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери жана ЖККУнун башкатчысы Николай Бордюжа менен жолугушту. Жолугушууда өлкө башчысы Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн «Чек-2004» деген аталыштагы машыгуусун Жамааттык коопсуздук келишими уюму жогорку деңгээлде уюштургандыгын белгиледи.

“Мындай машыгуу аймактагы тынчтыкты сактоо менен региондогу коркунуч туудуруучу күчтөргө сокку урууга жана ЖККУнун иштеринин натыйжалуулугун арттырат”,-деп билдирди Аскар Акаев. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын бүгүн билдиришти.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн«Чек-2004» деген аталыштагы машыгуу Балыкчы шаарынан анчалык алыс эмес “Мамыры гүлү” тоосундагы машыгуу борборунда 3-августта башталган.

XS
SM
MD
LG